Бүгүн, 10-декабрда театр жана кино актёру Марат Козукеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, Козукеевдин сөөгү Панфилов районундагы Эркин-Сай айылында жерге берилет.
Айта кетсек, 8-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Козукеев мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Ал эмгек жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр жана көркөм жетекчи болуп улантып келе жаткан. Кыргыз киносунда дагы бир катар элдин эсинде кала турган ролдор менен таанымал.
Марат Козукеев 1970-жылы 8-сентябрда Бишкек шаарында чыгармачыл үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы Жумабек Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр болуп эмгектенген. Ал эми апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болуп пенсияга чыкканча аталган театрда иштеген. Таланттуу үй-бүлөгө тамашоучу Эмил Эсеналиев күйөө бала болгон. Актёрдун артында 2 кызы, 1 уулу жана жубайы калды.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Марат Козукеевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.