Бүгүн, 10-декабрь күнү Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Чыгыш электр" жана "Ош электр" ишканаларынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 18:00гө чейин Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорунун айрым айылдарында, Каракол шаарында жана Ош облусунун А.Анаров, Керме-Тоо айыл аймактарында саат 09:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына оңдоп-түзөө иштери себеп болууда.