Бишкек шаарындагы ири соода борборлорунун биринде Жаңы жыл майрамына карата шаар тургундары үчүн майрам өткөрүлүп, анда бийиктиги 1 метр 20 сантиметр, туурасы жарым метр болгон 11 килограммдык момпосуй элге көрсөтүлдү. Иш-чара кечээ, 9-декабрда уюштурулду.
Бул балатынын формасындагы жашыл момпосуйду даярдоо үчүн чеберлер 3 саат убактысын сарпташкан. Аны жасалгалоо үчүн атайын кондитердик адистер иш алып барышкан.
"Кондитердик эмгекти негизи 8 эле килограмм салмакта жасоо пландалган болчу. Анын бийиктиги 1 эле метр болмок. Бирок кондитер адистери андан да бийик жасаса болот дешти. Келген коноктордун баарына жетиш үчүн салмагына дагы 3 килограмм, ал эми бийиктигине 20 сантиметр кошумчаладык", - дешет уюштуруучулар.
Момпосуй көргөзмөгө коюлган соң бир нече бөлүктөргө кесилип, келген конокторго таратылды. Ошондой эле иш-чара "Улыбка" элдик ансамблинин 70 катышуучу балдарынын койгон оюн-зоогу менен коштолду. Ар бир катышуучу ири момпосуй менен сүрөткө түшүп жана андан ооз тийгенге мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чаранын соңунда чоң жаңы жылдык балатынын оттору жандырылып, кичинекей бөбөктөр балатыны айланышты.