SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Башка улуттагыларга эмнени үйрөттүңөр?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен италиялыктарды тамактангандан кийин "оомийин" деп бата кылмайынча дасторкондон тургузчу эмесмин, эми көнүп калышты".
"Жайлоодо жүргөндө башка улуттагылар келип боз үй, кымыз жана башкалар тууралуу кызыгышат. Аларга котормочунун жардамы аркылуу ар биринин тарыхы-таржымалы тууралуу айтып берүүдөн тажабайм. Кези келгенде атка мингенди да үйрөтүп коём".
"Бирге иштеген орус досум мени көрүп бардык тамакты нан менен жегенди үйрөнүп алыптыр, "чындап эле даамдуу жана тоюмдуу болот экен" дейт".
"Мен жумушумдагы орустарга чүчкүргөндө "ак чүч" дегенди, "тамагың таттуу болсун" дегенди үйрөткөм".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.