Кечээ, 10-декабрда Германиянын Эшвайлер шаарындагы балаты кулап, 5 адам жабыркаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, окуя Германия убактысы боюнча саат 18:00дө катталган. Анда шаардагы узундугу 15 метрлик балатынын жанында жарманке өтүп жаткан. Ошол учурда белгисиз себептерден улам балаты жанындагы каруселдин үстүнө кулаган. Мындан улам жабыр тарткандардын саны 5ке жетип, калган эс алуучулар качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Учурда окуянын чоо-жайы, балатынын кулап кетишинин себеби иликтенүүдө.