Бүгүн депутаттар Орто-Токой суу сактагычы маселесин талкуулашат

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Орто-Токой суу сактагычы маселеси талкууланат. Тиешелүү мыйзам долбоору 1-окууда аталган комитеттин кароосуна киргизилди.

Маалым болгондой, бул маселе боюнча баяндама менен айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев чыгат.

Айта кетсек, 2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан