Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга иш сапары менен барат

Бүгүн, 11-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Абдылдаев президентке Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумунун жыйынтыгы жана Сербияга болгон иш сапары тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары ал Жээнбековдун Өзбекстанга 13-14-декабрь күндөрүнө пландалган иш сапарына даярдануу иштери боюнча маалымдады.

Мамлекет башчы министрге келе жаткан тышкы саясий иш-чараларга кылдаттык менен даярданууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан