"2019-жылы бардык чиновниктер көзөмөл алдында болушат", - деп бүгүн, 11-декабрда "Таза коом" программасына арналган эл аралык иш-чарада премьер-министр Сапар Исаков билдирди.
Анын айтымында, жетекчилик кол алдындагы мамлекеттик ишмерлердин эмне менен алектенип жатканын, ишке канча убакыт коротуп жатканын көрө алышат. "Мындан улам ар бир кызматкер канча пайда алып келип жатканын аныктаса болот. Ошентип адам канчалык пайдалуу экенин карап, чечим чыгарса болот. Жакынкы 4-5 жыл ичинде ишке берилген кызматкерлер калат. Мындай көзөмөлдүн жыйынтыгында мамлекеттик аппарат кыскартылып, айлык маяналары өсөт", - деди Исаков.