Өкмөт өлкөгө экологиялык таза мунайды өткөрүүнү сунуштап жатат

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештеги агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети “Атмосфералык абаны коргоо” жана "Экологиялык экспертиза жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун карады. Бул өзгөртүүлөр мыйзамдарды ЕАЭБдин талаптарына ылайык келтирүү максатын көздөйт. Анда 2021-жылга чейин өлкөдө бензиндин евро-5 категориясына өтүү жагы сунушталууда.

“Мунайдын курамындагы заттар адамдардын ден соолугунда олуттуу зыян келтирет. Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн баары учурда евро-5 стандарттагы мунайга өтүп жатат. Атайын адистер чек арадан киргизилип жатканда товарын сертификатына шайкеш келеби же жокпу карап чыгышат”, - деди айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов.

Кыргыз мамлекети мунайдын бул категориясына 2021-жылы өтүшү керек. Буга өлкөдөгү “Жунда” жана "Кыргызнефтегаз" ишканаларын модернизациялоо зарылдыгы себеп. Орусия бул категорияга 2017-жылы өтсө, коңшу Казакстан жакын арада өтүүнү пландап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан