“Түндүк электр” ишканасы кардарларды WhatsApp тиркемеси аркылуу тейлөөнү ишке киргизди

“Түндүк электр” ишканасы Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы абоненттерине ыңгайлуу шарт түзүү үчүн WhatsApp тиркемеси аркылуу тейлөөнү ишке киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, абоненттер WhatsApp тиркемесинин жардамы менен күнү-түнү электр энергия эмне себептен өчүрүлгөнүн билип, болгон көйгөйлөр тууралуу айтып жана кеңеш ала алышат.

WhatsApp тиркемеси аркылуу кеңеш алыш үчүн +(996) 772 00 12 09 номерине билдирүү жиберүү керек.

Андан тышкары “Түндүк электр” ААКсынын күнү-түнү иштеген call-борбору абоненттерге *1209 номери аркылуу тейлөө көрсөтүүнү улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asel1Aikol
2017-12-11 12:16:15
Ооо жакшы жанылык! !!
Бирок ватсапка да жооп берет болду бекен эми чалганда трубканы которушпойт эле
Ватсаптан кандай болсо жооп берип турса болду
Бирок эч эле очпой эле койсунчу свет ☺☺☺
+4
Eli.91
2017-12-11 15:03:05
Жооп бериши ото кыйын экен мага отв кайтарган жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан