Нурбек Мурашев: "Өткөн жылы Темир Сариевдин өкмөтү тарабынан Орто-Токой суу сактагычы боюнча берилген маалымат жалган"

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын тейлөө, башкаруу, кайтаруу жагы Кыргыз тарапка өтө турганын айыл чарба министри Нурбек Мурашев айтты.

Министр СССР урагандан тартып, аталган суу сактагычтын тагдырын коңшу Өзбекстан чечип келгенин, мындай мүмкүнчүлүк Кыргыз тарапка биринчи жолу берилип жатканын айтты. Ал 2016-жылы Темир Сариев өкмөттү башкарып турганда Орто-Токой суу сактагычы Кыргыз өкмөтүнө өткөнү боюнча айтылган маалыматты SUPER.KG'ге төгүндөдү.

"2016-жылы Сариевдин өкмөтү айткан маалымат жалган. Суу сактагычты өзбек милициялары кайтарып, Өзбекстан тарап башкарып турган. Бул маселе толук мыйзамдуу эми чечилип жатат. Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөрүп берсе, биздин суу чарба департаментибиз толук көзөмөлдү өзүнө алат", - деди Мурашев.

Эскерте кетсек, Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы Советтер Союзунун учурунда курулуп, ошондон бери коңшу Өзбекстан өлкөсү пайдаланып келген. Суу сактагыч чек арадан 13 чакырым бери жайгашкан. 2016-жылдын март айында Өзбекстан пайдаланып жаткан бир катар объектилер мамлекеттин менчигине өтүп жатканын Өкмөтүнүн делимитация жана деморкация маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров
министрлер кабинетинин чечимине шилтеме берүү менен айткан. Алардын арасында Орто-Токой суу сактагычы да бар болчу. Ал учурда Өкмөттү Темир Сариев жетектеп турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tular
2017-12-11 13:07:20
Кандай тушунсо болот эми
0
FIFA7
2017-12-11 13:16:20
Кантип ишенсе болот ал бизге отконуно?).
0
Kattaldym
2017-12-11 13:20:11
Откон жылы кайда элен?
0
Nazar76
2017-12-11 13:21:53
Чек арадан 13 чакырым Кыргызстан тарапта болсо эмнеге оозунарды ачып журосунор сразу эле алып койсо болот элего
+2
Melis2014
2017-12-11 14:03:35
XXXX депутатар
0
meliss
2017-12-12 13:36:02
Менде бир суроо эмнеге Сариев окмот болуп турган учурда айтпады ушуну.Жоо кеткенден кийин кылычынды ташка чап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан