Бүгүн, 11-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо өттү. Анын жыйынтыгында КСДП фракциясынан талапкер Алмаз Кененбаев шайланды.
Алмаз Кененбаев 1976-жылы 6-июнда туулган. Үч жогорку билими бар: Кыргыз улуттук университетин "бухгалтердик эсеп", "юриспруденция" жана Президент алдындагы башкаруу академиясын "менеджмент" кесиби боюнча аяктаган.
Алмаз Кененбаев Бишкек шаардык кеңешинин акыркы эки чакырылышынын депутаты, КСДП фракциясынын лидери.
Айта кетсек, буга чейин коалициялык көпчүлүккө КСДП (13 мандат), "Мекеним Кыргызстан" (7), "Өнүгүү-Прогресс" (8) жана "Кыргызстан" (5) фракциялары кирип, ал эми оппозицияда "Республика-Ата Журт" (12) калганы белгилүү болгон.
30-ноябрда шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев ("Республика-Ата Журт") өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган.