Ош шаары активдүүлүк боюнча КМШдагы алдынкы 10 шаардын катарына кирди

Ош шаары "Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийлик" дүйнөлүк уюмунун Евразиялык аймактык бөлүмүнүн кичи шаарлар арасындагы эл аралык активдүүлүк боюнча рейтингинде алдынкы 10 шаардын катарына кирди.

Маалыматка караганда, изилдөө үчүн келген 80 билдирменин арасынан 54 билдирме кабыл алган.

Анын жыйынтыгында алдынкы ондуктун сап башында Хабаровск шаары жайгашкан.

2-орунда: Пермь шаары;

3-орунда: Ставрополь шаары;

4-орунда: Казань шаары;

5-орунда: Ош шаары;

6-орунда: Челябинск шаары;

7-орунда: Волгоград шаары;

8-орунда: Улан-Удэ шаары;

9-орунда: Красноярск шаары;

10-орунда: Новосибирск шаары.

Изилдөөдө шаарлардын ишкерлик активдүүлүгү, калктын эл аралык активдүүлүгү, эл аралык уюмдар жана институттар, эл аралык иш-чаралар жана инфраструктура каралган.

Аталган изилдөөдө чоң шаарлар эсепке алынган эмес.

Айта кетсек, "Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийлик" дүйнөлүк уюмунун Евразиялык аймактык бөлүмү Монголия жана КМШ өлкөлөрүнөн жалпы 100дөн ашык шаарды өз ичине камтыйт .

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Azamat9
2017-12-11 14:01:58
Жакшы жанылык экен. Арасынан Ош сонун экен да
+13
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-11 14:08:22
Мелис Мырзакматов ондоп кеттиго
+32
sely
2017-12-11 14:23:52
Bolunbo.kyrgyz,эн туура айттын
+24
Ermekbai
2017-12-11 14:09:42
Кыргызстаным соп сонун кыйласынан Ош сонун. Өркүндөйбер өсөбер Ош жерибиз.
+20
asil-08
2017-12-11 14:14:25
Ош шаарыбыз гүлдөп өсө берсин,Кыргызстан эң кооз өлкөлөрдүн бири, андыктан ардактап барктайлы.
+13
Eli.91
2017-12-11 14:15:09
Соонун кабарго ош шаарымды ошумду оло сагындым.
+14
admiral
2017-12-11 14:48:26
Мырзакматов ушул кунгө чейин мэр болгондо балким адынкы үчтүкө кирер беле ким билсин...
+17
Samina007
2017-12-11 14:56:28
Астана,алма ата,ташкент дегендер жок.Өркүндөй бер өсө бер,өз тагдырың колуңда Кыргызыстаным менин жалгызым
+6
adimyrza
2017-12-11 17:42:15
Samina007,кичи шаарлар дер жатат Ташкент астанага тенелбей эле кой
+1
Fidel
2017-12-11 15:07:41
Мырзыкмат мырзакмат дей берет экенсинер Ал ооуу Бакиев деген жеп жутардын адамы эле, аны Биздин Урматтуу президентибиз Атамбаев Алмаз айдап жибергенине быйыл 6 жыл болот. Анан кайдагы Мырзакмат аканар? Мен 25 ноябрда бардым, Мырзакматынар жок эле Ош онугуп атыптырго Газификация тартып Юга востоко. Бул дагы болсо Атамбаевдин тузуп кеткен системасы менен буткул Кыргызстан онугуп жатат. Соке брат уланта бер баары жакшы болот дагы жакшы онугобуз!
-23
urmat94
2017-12-11 15:24:00
Fidel,Мырзакматов онуктуруп кеткен сен билбейле жаза бербечи ким кандай иштегенин Ошто жашагандар билет
+17
Bekovich76
2017-12-11 15:42:29
Fidel,атамбаевтин адамы болбочу мейлиби Мелис которду ошту мен менен талашпа
+9
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-11 16:18:10
Fidel, Коуйчу ай Атамбаев президент болуп туруп бир бишкекти ондой албады
+8
Samina007
2017-12-11 15:46:20
Ийилген көпүрөнү салыппы!!
+3
meni_kut
2017-12-11 15:56:30
Бишкек жокпу
0
aibars
2017-12-11 16:43:10
meni_kut, Башка чон шаарлар кирген эмес деп туратко.
0
Dalil
2017-12-11 16:06:03
Мырзакматов иштебесе эл мынчалык колдобойт эле. Буга чейин элдин көпчүлүк бөлүгү колдогон МЭР боло элек. Демек ал шаар үчүн эл үчүн жакшы иштерди аткарды. Кыйраган Ошту тез арада өзүнө келтирген Мелис эмес Сооронбай менен Алмаз дегени жаткандар өкүндүрөт. Исхак Раззаковду да убагында баалашкан эмес жогору жакка жагынам дегендер. Мелис да бир күн келип баркталат. Жасаган иштери элдин оозунда айтылат.
+6
aibars
2017-12-11 16:41:37
Карапайым Эл айтса калп айтпайт, мен Ошко барып коргон эмесмин бирок Ош кооз шаар экенин билем. Ошондой эле Мелис байкенин кылган иштери деп тушуном. Буйруса Мелис байке Президент болуп калса буткул Кыргызстан онугот болчу.
+8
nur82
2017-12-11 18:56:15
Мен да Ош шаарын коро элекмин,бирок кооз шаар деп билем.Анткени Кыргызстандагы кайсыл шаар,айыл болбосун биз Кыргыздар учун баары кооз.Ошко буйруган куну созсуз барам.Ал эми Мелис байкени коп уккам.Кыргыздын патриот уулдарынан деп сыйлайм.Ош чындыгында Мелис байкенини учурунда жашарып,дагы да кооздолгонун барбасам да интернеттен коруп аттык.Так что Ошубуз дагы да осуп онуго берсин.Кийинки жылдарда алдынкы катарлардан коруп суйунушту насип этсин.Аминь,Аминь,Аминь
+4
Birimdik5555
2017-12-12 01:31:38
Кандай сонун жанылык,Ошто тынчтык болсун,онуго берсин дагы да
+1
Sharipa-asia
2017-12-12 03:23:48
Мелис Мырзакматовдун эмгегини жемиши да, иштеп турганда 1-чи орунду алмакпыз, ак эмгек менен иштеген, патриот мырзаларыбызды кууп турабыз го өзү
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан