Ош облусундагы Кара-Кочкор мамлекеттик санаторийинде эс алып жаткандар үшүп, дарыланбай эле сууктан ооруп калып жатышканын айтып 9-декабрда "Элдик кабарга" билдирүү жиберишкен. Бүгүн, 11-декабрда санаторийдин администрациясынын атынан башкы дарыгер Мухабат Асиева бул билдирүүгө жооп берди.
"Санаторий тууралуу берген жарыя негизинен туура, анткени 8-9-декабрь күндөрү 2-3-саат техникалык кароо, оңдоо жүргүзүлгөнү чын, бирок ошол кезде электр плитасы убактылуу тамызылып берилген. Эгерде ишенбегендер болсо, келип дарылануучулардан сурамжылоо жүргүзсө болот.
Кампада көмүр жана отун кеңири, техникалык себептен улам 2-3 саат жылуулук системи берилбей калгандыгын моюнубузга алабыз. Бизге үшүдүк деп эч ким кайрылган эмес. Бирок бир-эки адамга жакпаса, кечирим сурайбыз", - деп жооп беришти санаторийден.
Айта кетсек, окурман төмөнкүдөй билдирүү жөнөткөн. "Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор санаторийинде дарыланып жатам. Бөлмөлөр суук болуп жатат. Жылуулукту кааласа беришет, каалабаса жок. Сууктан улам көпчүлүгүбүз дарыланбай эле, кайра сасык тумоо менен ооруп калдык. Биз бекер дарыланып жаткан жокпуз. Бул жерде 90го чыккан улгайган адамдардан бери бар. Арыздансак бир аз жылытып коюшат деле, кайра муздап калат. Негизи жылытуу системи бар экен. Буга чейин ичине аба кирип калыптыр деп оңдоп чыгышкан. Бар нерсени эмнеге жакпай жатышканы белгисиз", - деген окурман.