Донорлор Ысык-Көлдө сүт тармагын өнүктүрүүгө 5 миллион доллар берет

Донорлор Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө 5 миллион доллар берет. Бул тууралуу 11-декабрда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

Долбоордун наркы 5 миллион доллар. Бул эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан берилет. Долбоордун биринчи этабы 3 жылдын ичинде ишке ашат. 5 миллион доллардын 2,25 миллиону грант, калган 2,75 миллион доллар насыя иретинде берилип жатат. Бул насыя жылына 0,75 пайыз менен 38 жылга каралган”, - деди Мурашев.

Долбоор Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүү, тоют өндүрүү, ветеринардык кызмат көрсөтүү жана дыйкандарга инвестициялык колдоо көрсөтүүнү көздөйт.

Комитет мүчөлөрү долбоорду биринчи окууда жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан