Өлкө аймагында декабрь айынын экинчи бөлүгүндө сасык тумоого жана ОРВИге кабылгандардын санынын өсүүсү күтүлөт

Өлкө аймагында декабрь айынын экинчи бөлүгүндө сасык тумоого жана ОРВИге кабылгандардын санынын өсүүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, эпидемиологиялык анализдин негизинде 2016-жылдын декабрь айында сасык тумоо жана ОРВИге кабылгандардын саны жогору деңгээлде болгон. Ага чалдыккандардын 70 пайызын 14 жашка чейинки өспүрүмдөр түзгөн.

"2017-жылдын октябрь айынан баштап ОРВИге чалдыккандардын саны өсүүдө. Алсак, 27-ноябрдан 3-декабрга чейин 10,3 пайызга көбөйгөн. Бул көрүнүш 2016-жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге аз", - деп жазылат маалыматта.

ОРВИ (острая респираторная вирусная инфекция) кыргызча – дем алуу органдарынын түрдүү вирустар козгоочу курч кармаган жугуштуу оорулары. Ал өз ичине сасык тумоонун вирусун, парагриппти, аденовирус, риновирусту жана башкаларды камтыйт. Вирус оорулуу адамдан соо адамга аба аркылуу (сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө) жугат. Суук тийүү абалыӊызды бир канча күнгө начарлатса, сасык тумоо бир нече күндөн 2-3 аптага чейин сизди «чеӊгээлинен» чыгарбайт. Дарыланбаса өтүшүп, пневмонияга (өпкөнүн кагынышы) чейин жеткирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
balykchy2012
2017-12-11 18:09:04
Аллахым өзүң бизди бөдө кырсыктардан жана ар кандай оорулардан сакта, оорулууларга өзүң шыпаа бер.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан