Аскар Акаевге жумуртка ыргыткандарга карата германиялык полиция эч кандай чара көргөн жок

Германиянын Берлин шаарында Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Аскар Акаевге жумуртка ыргыткандарга карата жергиликтүү полиция кызматкерлери эч кандай чара көрүшкөн жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 9-декабрда Бакыт Кобегенов баштаган "KyrgyzClub-Germany" бирикмеси Берлин шаарында Аскар Акаев менен Германиядагы Кыргыз жарандарынын жолугушуусун уюштурууну пландаган.

"Кобегенов буга чейин үч жолу мындай жолугушууну өткөрүүгө аракет кылган. Бирок ал кайрылган Берлиндеги орусиялык илим жана маданият үйү жана эки мейманкана ага имарат берип туруудан баш тарткан. Жыйынтыгында жолугушуу болбой калган.

Бирок Аскар Акаевдин бир нече мекендештери менен кыска жолугушуусу орун алган, анда катышуучулар Акаевдин дарегине сын-пикирлерди айта башташкан. Алардын бири Акаев тарапка жумурткаларды ыргыткан, мындан улам Бермет Акаева жумуртка ыргыткан киши менен жаңжалдаша кеткен.

Бул окуядан кийин полиция кызматкерлери чогулган адамдардан окуя болгон жерди бошотууну талап кылышты. Полициянын талабы менен бардыгы тарап кетишти", - дешти ТИМден.

Эске салсак, 9-декабрда интернетке Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Аскар Акаев, жубайы Майрам Акаева жана кызы Бермет Акаева Германиядагы Кыргыз жарандары менен жолугушуусу тууралуу видео жарыяланган.

Ал жерде айрымдар “Акаев кет” деген жазууларды көтөрүп алышкан. Акаев бир-эки сөз айтууга уруксат берүүнү өтүнүп, орус тилинде сүйлөгөн. Ошол учурда бир жаран Акаевди кыргыз тилинде сүйлөшүн талап кылган. Мурдагы президент суроолорго жооп бербей турганын айтып, басып кеткен.

Бир жаран Акаев тарапка жумуртка ыргыткан. Ал учурда Бермет Акаева барып, полиция кызматкерин чакыра турганын эскерткен. Жумуртка ыргыткан жаран Акаевди "коррупционер, качкын" деп атаган. Бермет Акаева аны колундагы сумкасы менен урган.

Германияда Кыргыз жараны Аскар Акаев тарапка жумуртка ыргытты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Syn4y
2017-12-11 18:02:01
Жумуртка эмес тукум болот
-7
Best.bakyt
2017-12-11 20:38:09
Syn4y,каякта тукум болот жана кимде ыя?
-1
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-11 18:09:40
Кашык менен башка жесе эми тукум ыргытса жон эле оз жашоосун тыынч откоруп журо бербептир
+3
Patriot7
2017-12-11 18:13:09
Акаевди кармап келип камаш керек эле, ошончо куноолорунон кийин......
+2
nurbekasr
2017-12-11 18:41:25
Акаев сүйүнсүн жумуртка менен урганына,капыстан кал башына арматура же таш менен урса эмне болмок.
+6
taalay25
2017-12-11 18:45:50
Жумуртка бир жерине тийбесе не чара кормок эле?
+1
Batma08
2017-12-11 19:09:18
Жон эле журобербейби эми жумуртка ыргытып бир жерине муйуз чыктыбы
0
moskoy
2017-12-11 19:54:56
Batma08,Жон эле журо бербейби туштон кийин кыргыздарга боорсак болуп кабар албай,жумуртка тийип муйуз чыгып кетпей.
0
zhykyo
2017-12-11 19:11:47
Ошого кеткен жумуртка андан коро ыргыткан киши бышырып жеп алса болмок деп салда
+4
mir777
2017-12-11 20:50:09
zhykyo,хаха
+1
mirkaa5182
2017-12-11 19:53:49
Акаев башында жакшы иш алып барганда Кыргызстан мындай абалга түшпөйт... Акаев болгону билим жагынан күчтүү болгон, башкаруу,жагынан чабал болгон.
+4
skatoruk
2017-12-12 00:37:23
балык башынан сасыйт баарын акаев сасытып кеткен
-1
moskoy
2017-12-12 04:26:23
Жуздору жайнап озорунчо эле бактылуу го.Арам тамак айабай жаккан окшойт.
-1
nargizon152229
2017-12-12 14:14:47
Акаев озу начар адам деле эмес, балээнин баарын кылган уй-булосу. Алкымын тыя албагандыктан эми минтип оз мекенинен куугунтук коруп отурушат.
0
BekAmir
2017-12-12 23:48:19
Оз мекенине келе албай журот. Бул эн оор жаза. Акаев Кыргызстандын келечегине балта чапкан ак..ко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан