Жакында Кыргыз өкмөтүндө маалыматтык технологиялар боюнча 25 министрдин орун басары ишке киришет

Жакынкы күндөрдө Кыргыз өкмөтүндө санариптик өнүктүрүү боюнча 25 министрдин орун басары ишке киришет. Алар маалыматтык технологиялар тармагын көзөмөлдөйт. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков "Таза коом" программасына арналган эл аралык конференцияда билдирди.

"IT-директору - булар "айтишниктер" эмес. Булар эл аралык уюмдарда, IT-компанияларында тажрыйба топтогон иштин көзүн билген жаш адистер. Алардын максаты өлкөнү жана ошол тармакты өнүктүрүү. Жаңы орун басарлар министрликтердин ишинде жаңы өзгөчөлүктөрдү киргизип, электрондук өкмөттү ишке ашырууга көмөктөшөт", - деди Исаков.

Өкмөт башчы билдиргендей, министрлик жана мекемелердин жумуш системин жөнгө салуу үчүн мыкты адистерди тартууга жол бере турган атайын жобо иштелип чыккан. Жаңы кадрлар боюнча токтомго өкмөт башчы жакын күндөрдө кол коёрун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан