Бүгүн, 11-декабрда президенттик аппаратта кадрдык өзгөрүүлөр болду. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, Асылбек Кожобеков президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
Мындан тышкары өлкө башчысы кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык, президентик аппараттын жетекчисинин орун басары Эльвира Сариева ээлеген кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду. Анын ордуна Сооронбай Жээнбековдун премьер-министр убагындагы жардамчысы Алмамбет Салиев дайындалды.