Оштогу аэропортто коюу тумандан улам авиакаттамдар кармалууда

Ош шаарындагы аэропортто коюу тумандан улам 3 багыттагы каттамдар кармалууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына эл аралык "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

"Ош шаарында коюу туман түшүп, 3 багыттагы каттамдар кармалууда. Алар Бишкек, Москва жана Урал багытындагы каттамдар. Учурда каттамдар белгисиз убакытка жылдырылды, көрүүгө мүмкүнчүлүк оңолсо каттамдар кайра уланат", - деп билдирди аэропорттун басма сөз кызматы.

"Бишкек шаарындагы "Манас" аэропортунда абал жакшы, учактар жүгүртмө боюнча келип-кетүүдө", - деп кошумчалады басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан