Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга барып кимдер менен жолуга турганы белгилүү болду

Эртең, 13-14-декабрда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда өткөн брифингде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субанкожоева билдирди. Бул Сооронбай Жээнбековдун коңшу Өзбекстанга болгон биринчи иш сапары болмокчу.

“Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен, ошондой эле коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы, Өзбекстандын парламентинин төрагасы менен жолугушат.

Жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтык боюнча документтерге кол коюлат. Мындан тышкары Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбек бажысы ортосундагы жаңы келишимге, Өкмөттөр аралык каржылык кызматташтык боюнча келишимге, Илимдер академиясы менен Өзбекстандын илимдер академиясынын ортосундагы техникалык кызматташтык, эки өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин иш-чараларынын планы жана башка бир канча маанилүү документтерге кол коюлат”, - деди Субанкожоева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан