Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон иш сапарында чек ара боюнча документтерге кол коюлбайт

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон иш сапарында чек ара боюнча документтерге кол коюлбайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда өткөн брифингде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субанкожоева билдирди.

Чек арадагы тактоо маселелеринде бул ирет келишимдерге кол коюлбайт. Учурда үч ай мурун кол коюлган документтер боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк жумушчу топтору иш алып барууда. Бул убакытта биздин өкмөттүк топ 40 чакырым чек араны аныктап чыкты. Бул иш сапарда чек ара маселесине байланыштуу кол коюла турган документтер жок”, - деди Субанкожоева.

Президенттик аппарат Сооронбай Жээнбеков Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев жана өкмөт башчысы Абдулло Арипов менен кеңири форматта жолуга турганын кошумчалады. Мындан тышкары соода экономикалык жаатта тигүү, өндүрүш, айыл чарба азык түлүктөрүн экспорттоо жана импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрө турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Жээнбековдун Өзбекстанга иш сапары 13-14-декабрда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан