Ноокен районунун 40 жаштагы тургуну Байгазы Ниязалиев изделүүдө. Ал ушул жылдын 3-декабрь күнү Курулуш айылынын Ак-Жийде тилкесиндеги үйүнөн "Кочкор-Ата шаарына барып иштеп келем" деп чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
"Бою 168-170 сантиметр, кара тору, кашы-көзү кара, чачы кара кыска, орто дене түзүлүштө. Ошол күнү үстүндө кара түстөгү күрмө, башына кара түстөгү тумак, кара түстөгү шым жана бутуна кара түстөгү көлөч кийип жүргөн. Жогорудагы жоголгон атуул боюнча кандайдыр бир маалымат болсо Ноокен РИИБине кабар берип коюуңуздарды суранабыз. Байланыш телефондору: 0(3734)5-05-44, 0 (777) 02-10-69, 0 (706) 02-10-69, 0 (556) 89-93-89", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.