Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 12-декабрда Кубанычбек Кулматовду Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өкмөт башчы Кубанычбек Кулматовдун өлкөнүн бажы органдарындагы мыкты кесиптик тажрыйбасын белгилеп, анын жетекчилиги астында өлкөдө бажылык жөнгө салуунун натыйжалуулугу жогорулай турганына ишеним билдирди.
"Кубанычбек Кулматовду кызматтын жетекчиси катары дайындоонун негизги себебинин бири – ал Бажы кызматынын жеке курамы үчүн жаңы адам эмес. Ал көп жыл бою бажы органдарында иштеп, жетекчилиги кызматында жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн", - деп белгиледи Сапар Исаков.
Соңунда премьер-министр Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисине ишинин ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалады.