"Мечит кургам" деген депутат мечиттерге электр энергиясын жеңилдетилген баада берүүнү сунуштап жатат

"Өлкөдөгү мечиттерде электр энергиясына болгон бааларды төмөндөтүү зарыл", - деген сунушун бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйналышында депутат Кожобек Рыспаев (КСДП) билдирди.

Отун-энергетика комплекси боюнча агенттиктен билдиришкендей, өкмөттүн токтому менен электр энергиясынын колдонуучуларына берилген тариф 7 топко бөлүнгөн. Учурдагы тариф боюнча коммерциялык уюмдарга жеңилдик берүү жагы каралган эмес. Мечит медреселер коммерциялык мекемелердин тарифине киргизилген. Комитет төрагасы Кожобек Рыспаев мечит медреселер коммерциялык тарифке туура эмес киргизилип калганын айтты.

Мечиттерде өндүрүш жок. Алар коомдун кызыкчылыгы үчүн иш алып барышат. Маселе бизге жана төрагага жиберилген. Мен өзүм мечит кургам. Эми электр энергиясы үчүн өзүмдүн капчыгымдан төлөөгө туура келип жатат. Силер эгер мечиттерге электр энергиясынын баасы түшүрүлсө, анда балдар үйлөрү да тарифти түшүргүлө деп айтарынан коркуп жатасыңар. Эмне үчүн алар мындай тариф менен төлөшү керек”, - деп нааразы болду Рыспаев.

Буга чейин, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов диний объекттер коммерциялык өнөр жай категориясына кирип калганын айтып, электр энергиясынан жеңилдик берүү жагын сунуштаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
kechirmeni
2017-12-12 16:10:36
Жакшы болмок, аларда ондуруш жок,элден топтогонго туура келет. Элден топтосо эл жаман корот имам жеп койдубу деп
+15
aliko78
2017-12-12 16:12:21
Туура маселе. Оң жагына чечип коюшса жакшы болмок.
+12
Eksvp_1
2017-12-12 16:27:15
Кыргызстанда мечеттерди Азайтып Мектеп, Бала бакчаларды көбөйтүш керек.
-18
toolos1982
2017-12-12 17:02:04
Eksvp_1,кошулам мечит деген ото кобойду андан коро бала бакча мектеп салгыла
-16
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-12-12 17:21:29
Eksvp_1,сиз сала бериңиз мектеп бала бакчаны. Ким салдырбай жатат сизге
+13
Missing-u
2017-12-12 17:53:58
Eksvp_1,туура мечит деген коп ар бир кочого бирден мечит болуп кетти андан коро бала бакча салса жакщы болот Эле мечитке же бир адам деле барбайт
-17
FIFA7
2017-12-12 19:23:21
Missing-u, Эмнеге ар бир кочодо ондон арам арак саткан бузуку магазиндерди азайтыш керек дебейсинер? Мечитке бироо барып алкаш болуп кетип жатабы же?)
+16
din_tomas
2017-12-12 18:24:14
Eksvp_1, туура сөз, бир айылга бир мечит жетет
Биздин айылда 3 мечит бар экөсү бош эч ким барбайт, мурда бир эле мечит бар убагында мечит толуп турчу ар намазда, азыр 5-6 эле адам барат
Жалгыз бала бакча бар, ага да ата-энелер балдарын киргизе албай убара орун жок,кезек күтмөй, мектептердин акыбалы башка сөз
-13
din_tomas
2017-12-12 18:33:38
din_tomas,анан ушинтип айтса эле" АстагфирАлла
Сен Исламга каршы чыктың,сен каапырсың, сен тозокто күйөсүң" деп каргап,өкүм чыгарып киришет диндин ашынган фанаттары. Альхамдулилях мен мусулманмын, элге туура дин жеткириш керек
Сүннөт кийбесе, сакал койбосо ал мусулман эмес деген түшүнүк бар экен, чоң аталарыбыз чапан, калпак-тебетей кийип эле намаз окуп келишкен..
-9
FIFA7
2017-12-12 19:24:36
din_tomas, эчким барбаган мечитке сен барда анан сени коруп досторун биртууган коншуларын барат).
+12
Janybekleilekkg
2017-12-12 16:29:15
Биринчи бала бакча,мектептердикин арзандатсын
-6
Eksvp_1
2017-12-12 16:45:36
Кыргыздын түбүнө жеткен бул "Дин" Кыргыз эли бөлүнүп чачырап кетти, Кытайга кошулуп кытай болуп кетти, Өзбөкө кошулуп өзбөк болду, Казака кошулуп казак болду. Хакас , Тыва , Алтай болду.
-19
meni_kut
2017-12-12 17:04:01
Eksvp_1,дини жок цыган лолулорчу? Дини жок атеист бол анан самолетто кулап баратканда кудайга кандай жалбараар экенсин))))
+14
islamik
2017-12-12 17:14:27
1. Мечит курдум деп мактанбаш кекрек
милдет кылгандай болуп калат Мечитти
ким куруп жатканын да билгизбешке
аракет кылыш керек.
2. Кантип озубуздун кереметибизге
озубуз ээ болалбайбыз уят эле
5 пансионатты алып бир отел
салып бергиле деп барабы эми.
-9
yrysbek
2017-12-12 16:54:32
Талкуу жабык болгондугуна байланыштуу ушул жерге жазганга аргасыз болдум. "4 пансионат мурдагы аты кыргызчаланып өзгөртүлгөн "Золотые пески" - "Бостери", "Рохат" - "Алтын жай", "Дилором" - "Эне-Сай" жана "Бостон" пансионаттарын кайра Өзбекстанга кайтаруу боюнча макулдашуу болду дейт, бул деген уят, уят деген калбаптыр. Бироонун эшигин сагалап калыптырбыз корс мааниде айтканда, ким бизге эмне кылып бере калат, ким бизге ак
+4
yrysbek
2017-12-12 16:56:55
И силерден сырткары министрлер, губернатор, мэр, акимдер и ошол пансионаттын директорлору отурат инвестор таап кургула. Ремонттоп ондоп туздогонго акча таппай жатабыз десенер керек уялбай
0
Tortkul2017
2017-12-12 19:56:06
yrysbek,сиз жакшы деп туруп өздөрүнүн пайдасын көрүп жататда, эми кайра өздөрүнө кайтарууга аракет кылды деген сөз уже кайтарды, дагы бирөөсүн оозун майлады дешен сөз!
Бирөөсү мамлекетке кайтарса экинчиси кайра кайтарып ортодон жеп сатса, ким таза иштейт
0
Kyrgyz06
2017-12-12 17:36:50
Мечит курупсун азамат милдет кылбай мындан ары да акчасын толпой бер эмне кедейсинби депутаттар бардыгы бизнесмендер элдин бардыгы билет.машинам уйум жок деп чыгасынар депуттаттарды ар тармактан шайлаш керек карапайым элден ошондо алар окмотко карапайым эл кандай жашоодо жашап жатканын жеткирет кол тийбестик машина жардамчы дыйкан,врач,мугалим,милиция,шофер,куручуу,ж,б лар болгондо берилсе жарашат болгондо да жонокой кедейлерден азыркы депутаттарды тубу орду менен жоготуш керек.
-6
Bek4590
2017-12-12 18:46:17
Кожобек Рыспаев чыныгы эркек экенсин. Мечиттерге электр энергиясын бекер эле кылып койсо болот.
+11
FIFA7
2017-12-12 19:28:41
Мечиттер светке канчадан толойт экен озу?

Тиги теманын талкуусу жабык экен, ошого ушул жака жазууга туура келтат. Биздин чондор озбектерге Ысыкколдон торт пансионатын берип, анан орто-токой суу сактагычын откоруп алышкан окшойт, атак озбектер ото куу, суу сактагычты жондон жон беришпейт).
+6
jbolotov
2017-12-12 20:56:29
Мечиттерге электр энергиясы бекер болсода болот эле, коп адамдар динден кабар алып ыйманга келип калды. Мечиттерде, намазканаларда светке жардам деп отурушат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан