Өзбекстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионат боюнча Кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитраждык сотко бергени белгилүү болду

Өзбекстан Ысык-Көл облусундагы төрт пансионат боюнча Кыргыз өкмөтүн АКШдагы эл аралык арбитраждык сотко берди. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.

"Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон иш сапарында төрт пансионатты кайра кайтаруу боюнча келишим болгон. Бүгүнкү күндө Өзбек тарап Кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитраждык сотко берген. Учурда АКШ арбитраж соту бул маселени карап жатат. Ошондуктан Кыргыз өкмөтү Өзбек тарап менен келишимге келүү үчүн төрт пансионатты кайтаруу боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат", - деди Кенекеев.

Комитет мүчөлөрү тиешелүү мыйзам долбоорун жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан