SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өзүңөргө жакпаган адатыңар менен кантип күрөшөсүңөр?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эң кыйыны өзүңдөгү жаман мүнөз-адаттар менен күрөшүү болсо керек. Мен аябай жалкоомун. Учурда ушул адат менен күрөшүп жатам. Кантип арылса болот деп жооп издеп жүрөм".
"Өзүмө жакпаган адатым - каткырганда жанымда турган адамды чаба бергеним. Анан машина айдап баратканда музыканы катуу чыгарып алып билсем деле, билбесем деле кошулуп алып ырдай берем".
"Менин тырмагымды тиштей берген адатым шеллак жасатып, гель лак койгондон кийин калды".
"Камырабай жүрө бермейим бар, аны менен канчалык күрөшкөн сайын кайра күчөп баратат. Анан көпчүлүктү жактырбаган адат пайда болду, башка тынч жакка кетип калгым келе берет".
"Өзүмө жакпаган адатым жок, өзгөлөргө жакпаган адаттарым бар".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.