"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жандандыруу бөлүмүнүн башчысы: "Кислород баллондо болгондуктан ал түгөнүп калышы мүмкүн, баллондор күндө бир нече жолу алмашып турат"

Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан "Эне жана баланы коргоо" борборунда кичинекей балдардын дем алдыруучу аппараттары иштебей калып, балдар 10 мүнөттөй дем албай жатып калышканын айтып 10-декабрда "Элдик кабарга" окурман билдирүү жиберген. Бүгүн, 12-декабрда "Эне жана баланы коргоо" борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Барчын Турдалиева бул маалымат боюнча жооп берди.

"Кислород баллондо болгондуктан ал түгөнүп калышы мүмкүн, баллондор күндө бир нече жолу алмашып турат. Мындай окуялар бизде гана эмес, ар бир ооруканада болот. Мында эч кандай коркунуч жок. Бир баллон зарылчылыкка жараша ар кандай убакытка жетет. Ар бир баллон, кээде 1 саатка жетсе, кээде 4 саатка жетет. Баллондор эшикте жайгашканы менен алар тоңуп калышы мүмкүн эмес", - деп айтты Барчын Турдалиева.

Айта кетсек, окурман төмөнкүдөй билдирүү жөнөткөн. "Инимдин бөйрөктөрү иштебей ооруканада жасалма аппараттын жардамы менен дем алып жаткан. Анын палатасында 8 бала жана башка палаталарда дагы балдар бар. Кечинде жасалма дем алдыруучу аппараттар иштебей калып, балдар дем ала албай калышты. Ызы чуу болуп, ата-энелер запастагы кислороддук баллондорду таап, балдарын көтөрүп келип, аппаратка туташтырышты. Балдар 10 мүнөттөй дем албай, өзүн жоготуп, муздап баштаганда гана кислород кошулуп эсине келишти. Дарыгерлер, баллондо кислород аз калгандыктан суукта тоңуп калыптыр дешти. Бул нерсени алдын ала көзөмөлдөп коюшса болот беле? Ошол жерде бир нече бала каза болуп калса эмне болмок?" - деген окурман.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан