Бишкек-Казань поезд каттамы ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-декабрь күнү Бишкек-Казань каттамындагы поезд жолго чыгып кеткен. Ал бешинчи күнү Казанга жетип, кайра ошол эле күнү Бишкекке жолго чыгат.
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Руслан Дүйшөналиевдин айтымында, жаңы каттамды ишке киргизүү үчүн бир катар иштер аткарылган. Ошондой эле коштоочулар үчүн жаңы форма тиктирилип, купелер жасалгаланган.