Аяктап бара жаткан 2017-жыл Кыргыз маданиятынын тарыхында жазылып калчу жагымдуу окуялар ошону менен бирге эле орду толгус жоготуулар менен да коштолду. Таланты ташкындап, калың элге таанымал болгон өнөр ээлеринин жарык дүйнө менен кош айтышып кете бериши бүтүндөй журтчулукту кейишке салды.
Легендарлуу "Элес" тобунун мурдагы солисти Айдин Жумалиев узакка созулган оорудан улам каза болду. Жумалиев боорунан рак илдетине чалдыкканын жана ал үчүн 25 миң доллар каражат керектелгендиктен, бул сумманы табуу ал үчүн оңой эместигин жазган:
"Түркиядагы ооруканалардын биринде терезени карап ойго чөмүлүп, эртеңки жашоом үчүн убайым тартуудамын. Анткени менин жашагым келет. Уулдарым Нурсултан менен Бексултандын үйлөнүү тойлоруна катышып, 27 жылдан бери мага өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон жубайым Венера менен чогуу болгум келет. "Элес" тобу менен күйөрмандарды дагы да болсо кубантсак дейм", - деп кайрылган ырчы.
Көптөгөн ырларына обон жазылып эл ичинде аткарылып жүргөн белгилүү акын, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эгемберди Эрматов узакка созулган оорудан улам 23-январда көз жумган. Эрматов 2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 2013-жылдын апрель айынан 2016-жылдын ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеген. Акын "Супер-Инфо" гезитине берген акыркы маегинде өмүр жолу, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу айтып берип жатып төмөндөгүлөрдү билдирген:
"Байкемдин “окуба” деп тыюу салганына карабастан, 11 жашымда Мигель Сервантестин “Дон Кихотун” окуп бүткөм. Көрсө, ал китепти студенттер 5-курста окушчу экен. Көркөм адабият, китеп дегенде ичкен ашым жерде калчу. Менде сезим эрте ойгонуптур, балалык сүйүүгө эрте кабылгам. 5-класста менден бир жаш кичүү кызды жактырып, уйкум бөлүнгөн. Ал агайымдын кызы болгондуктан “агай урушат” деп коркуп жүрүп баягы кызга сөз айта албай, сезимдер ичте калган", - деп эскерген акын.
Көп жылдан бери кант диабети менен жабыркап жүргөн композитор Азат Дөөткулов ушул жылдын 13-апрелинде көз жумган. Дөөткулов 2015-жылы чыгармачылыгынын 35 жылдыгын белгилеген. Көптөгөн ырларга обон чыгарып, спектакль жана кинолорго музыка жазган. Акыркы мезгилде мамлекеттик "Учур" жаштар театрында эмгектенип келген. Ал Калый Молдобасанов жана Жумамүдүн Шералиев атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон. Анын сөөгү кичи мекени Кочкордо жерге берилген.
Небере жыттап төрдө отурчу куракта карылар үйүндө жашап ошол жакта 10-июлда каза болгон Калыбек Назаралиевдин тагдыры тууралуу көпчүлүктүн маалыматы бар болсо керек. Өзүнүн акыркы эмгектеринде
"Достор" жана "Президент жана бомж" тасмаларында селсаяктын ролун аткарган Назаралиев кезинде Кыргыз улуттук драма театрында, Нарын театрында кайталангыс ролдорду жаратып, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти наамын алган. Назаралиев акыркы берген маегинде өзүнүн кейиштүү тагдыры тууралуу баяндап, төмөндөгүлөрдү билдирген:
"Бул жерде мени баары Эмгек сиӊирген артист деп сыйлашат. Театрдагы мени урматтаган инилерим карылар үйүнө киргизип коюшту. Өз бөлмөм бар. Китеп окуйм, бул жердеги карылардын тагдыры тууралуу киносценарий жазсам деп ойлойм. Бирок ден соолугум мүмкүнчүлүк бербейт. Өлүгүм ушул жерден чыгарын ойлосом сай сөөгүм сыздап кетет. Тагдырымды Бакен Кыдыкееванын тагдырына окшоштуруп коркуп кетем. Бирөө жарым келиптир десе кайсы жакын тууганым келди деп үмүттөнүп жолун карайм", - деген актёр.
Кыргыз операсынын түптөөчүлөрүнүн бири Кыргыз ССРинин Эл артисти Мустафа Ахунбаев 17-июлда дүйнө салган. 1961-жылдан тарта Кыргыз опера жана балет театрында эмгектене баштаган Ахунбаев кийин режиссёрлук менен алектенип, “Тихий Дон”, “Евгений Онегин”, “Курманбек” жана башка бир топ шедеврлерди койгон. Анын маданиятка кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРинин Эл артисти наамдары ыйгарылган.
Ушул эле жылдын 31-августунда Кыргыз эстрадасынын булбулу атыккан, белгилүү ырчы Элмира Кайып кызы 42 жаш курагында каза болгон. Арген үндүү ырчыны акыркы сапарга узатууга келген куудул Күмөндөр Абылов Элмира Кайып кызына Өкмөт тарабынан бир дагы сыйлык берилбегендигин, бирок ага карабастан ырчынын аткарган ырлары ар бир музыка сүйүүчүнүн жүрөгүнөн түнөк тапканын белгилеп: "Элмиранын дүйнөдөн кайтканы абдан көп кишинин кабыргасын кайыштырып турат. Ал кыргыз элине аттын кашкасындай таанылып, булбул үнү менен кызмат кылды. Арийне Өкмөт тарабынан сыйлыктарга ээ болбогону менен анын үнү, ачык-айрымдыгы, адамгерчилиги, таланты элдин жүрөгүндө калды", - деп эскерген.
Белгилүү режиссёр, публицист, "Көк бөрү" федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеев 74 жашында узакка созулган оорудан дүйнө салган. Ташка тамга баскандай Кыргыз кинематографиясында аты белгилүү болгон кинорежиссёр Дүйшекеев көптөгөн ыр, проза жыйнактарынын автору. Ошондой эле атактуу "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Эл ичинде" тасмаларында экинчи режиссёр болуп кошо тартышкан. Өзү "Салам сага, ак кеме", "Эл эмгегин жер жебейт", "Түркиядагы кыргыздар" даректүү кинолорун жараткан.
Кыргыз элинин дагы бир шайыр жеңеси, эстрада жана фольклор ырчысы Гүлбү Ороскул кызы 6-октябрда көз жумган. Жакында эле небере жытын искеген ырчы 2 кыздын энеси. Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы. "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага" жана башка ырлары менен белгилүү болгон Ороскул кызы 2015-жылдан бери КТРКдагы "Кыз-жигит сармерден" берүүсүнүн алып баруучусу болуп эмгектенип келген.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Козукеев 8-декабрда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Актёр кант диабетинен жабыркап келген. 47 жаштагы Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенип, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде да окутуучулук кесипти аркалаган.
Марат Козукеев 1970-жылы 8-сентябрда Бишкек шаарында чыгармачыл үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы Жумабек Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр болуп эмгектенген. Ал эми апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болуп пенсияга чыкканча аталган театрда иштеген.
Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" тобунун көркөм жетекчиси, белгилүү ырчы Мурадил Сагыналиев узап бара жаткан жылдын 14-декабрында каза болду. Жогорку чеберчилик менен комузда кол ойнотуп жүргөн Сагыналиев көптөгөн музыка сүйүүчүлөрдүн эсинде. 45 жаштагы ырчынын артында бир уул, бир кызы калды.