Сапар Исаковдун Ысык-Көлдүн жээгинде веложол куруу идеясын Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү колдошту

Бүгүн, 13-декабрда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков Борбордук Азиядагы жол каттамын жакшыртуу программасынын алкагында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен Каракол-Балыкчы унаа жолун реконструкциялоо боюнча маселелерди талкуулады. Жолугушууга Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгабазар жана Дүйнөлүк банктын транспорттук долбоорунун башчысы Кордула Растоги катышты.

Өкмөт башчы Каракол-Балыкчы жолун реконструкциялоо Ысык-Көл облусунун транспорт каттамын жакшыртууга, өлкөдө туризмдин туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүп жана аймактын инфраструктурасын жаңылоого мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи.

Ошондой эле Сапар Исаков Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап велосипед жолу болушуна өзгөчө көңүл бурду. Ал эми Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгабазар, Каракол-Балыкчы жолун реконструкциялоо өлкөнүн туристтик жагымдуулугун арттырууга шарт түзөрүн баса белгиледи. Андан сырткары ал Ысык-Көлдүн жээгинде веложол куруу идеясын колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан