Кечээ, 12-декабрда өкмөт мүчөлөрү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата театрга барышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, премьер-министр Сапар Исаков, министрлер, мекеменин жетекчилери Кыргыз улуттук драма театрына барып "Саманчынын жолу", "Жер эне" спектаклин көрүштү. Эми премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү театрга барууну уланта турганы кабарланды. Алар жакында Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрына, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына жана балдар музыкалык окуу жайларына барууну пландап жатышат.