Бүгүн, 13-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун ишин карайт. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, соттук отурумда жарыш сөздөр айтылат.
6-декабрда Шыкмаматовдун иши каралмак. Анын жактоочусу Чынара Жакупбекованын ооруп калганына байланыштуу соттук отурум башка күнгө жылдырылган.
Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.