ЖЫЛНААМА, 13-ДЕКАБРЬ: Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев 31 жашка чыкты

Мындан 31 жыл мурун, 1986-жылы 13-декабрда Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Жанар Акаев жарык дүйнөгө келген. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Алгач журналист болуп 2-курс кезинде ОшМУнун гезитинде иштеген, көп өтпөй окуу жайдын телеберүү бөлүмүнө өткөн.

2008-жылдан тарта "Азаттык" радиосунда кабарчы болуп иштеген.

2010-жылы Япониянын Токио шаарында өткөн Азия мамлекеттеринин журналисттери үчүн уюштурулган сынакта 2-орунду багындырган.

2011-жылы "Евразиянын алтын калеми" сыйлыгына татыктуу болуп, ал эми 2014-жылы Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун "Курч калем" сыйлыгын алган.

2015-жылы 2-февралда Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалган. Ошол эле жылы 27-августта Жанар Акаев парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетүүгө арыз жазган. Ал эми 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо КСДПдан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2017-жылдын 24-мартында КСДП Жанар Акаевди фракциядан чыгарган.

Белгилей кетсек, Жанар Акаев "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2010-2011-жылдардын супер телеалпаруучусу" наамын жеңип алган. Учурда депутат үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.
13-декабрдын жылнаамасы.
Маек - Жанар Акаев
Жанар Акаев: "Апам саясий тополоӊдорду чагылдырбай эле койчу деп ыйлаган"
Жанар Аaкаев: "Калың бербей үйлөндүм"
"Төрөткө катышып, жубайымдын жанында болдум" дейт Жанар Акаев
Жанар Акаев: "Президенттин "сот системин реформаладык" дегенин укса соттор өздөрү күлөт"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан