Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы кызматына сунушталды. Бул тууралуу "Бир-Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бүгүн, 13-декабрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
"Аскарбек Шадиев эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болчу. Ал биринчи вице-премьер-министр кызматына кеткенине байланыштуу комитет төрагалыгына Исхак Пирматовдун талапкерлигин сунуштайбыз. Бул боюнча фракциянын чечими бар. Күн тартибине киргизип койсок", - деди Сулайманов.
Депутаттар комитет төрагасын шайлоону бүгүн, 13-декабрда өткөрүүнү чечишти.
Белгилей кетсек, 7-декабрда Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган.