Токмокто 8-класстын окуучусу курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн секирип, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине окуя тууралуу маалымат 29-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында келип түшкөн. Ал жерге милиция кызматкерлери барышып, 2002-жылы туулган кызды жерде жаткан абалда табышкан. Ал оор абалда "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Бирок эки күндөн кийин ал каза болуп калган.
Көп кабаттуу үйдөн секирген кыздын ата-энеси Орусияда болушкан. Токмокто чоң атасы менен чоң энесинин колунда турчу. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.