Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору 1-окууда каралууда. Бул маселе боюнча транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов баяндама жасап жатат.
Жыйындын жүрүшүндө "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо боюнча сурады. Министр бул суроо Чек ара кызматына тиешелүү экендигин, маселе азырынча чечиле электигин айтты. Депутат өкмөттөр аралык жолугушууларда бул маселе чечилиш керектигин билдирди.
Төрага Дастан Жумабеков Үңкүр-Тоо маселеси бүгүн өзүнчө карала турганын айтты.
Айта кетсек, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо Кыргыз-Өзбек чек арасындагы талаштуу тилкелердин тизмесине кирет.