Депутат: "Бишкек-Ош аба каттамдарына билет баасынын өздүк наркы 1200-1800 сом"

Бишкек-Ош аба каттамынын билетинин өздүк баасы 1200-1800 сом. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Кубанычбек Нурматов бүгүн, 13-декабрдагы жалпы жыйында айтты. Ал менчик компаниялар коммерциялык кызыкчылыктар менен билет бааларын жогору коюп жатканын белгиледи.

"Бишкек-Ош жолу жабылды дегенде эле билеттин бааларын көтөрүп алып 5000-6000 сомго чыгып кетип жатат. Билеттин өздүк баасы 1200-1800 сомго чейин эле болчу. Ушуну жакшы көзөмөлгө алыш керек. Элдин кыйналып жатканын көрүп туруп бир-эки компания отуруп алып билеттин баасын көтөрүп жатканы туура эмес. Бул маселени чечиш керек", - деди Нурматов.

"Түркияга жана Үрүмчүгө каттамдарды Ош шаарынан да ачуу керек. Фергана өрөөнү боюнча бул жактарга Өзбекстан, Тажикстан тараптан жарандар транзит аркылуу Бишкектен учуп жатат. Ошондуктан экономикалык жактан ыңгайлуу жагын карашыбыз керек. Ошондо транзит менен бир канча акча тапса болот", - деп кошумчалады Нурматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KOCMOC
2017-12-13 10:40:46
Актуалдуу маселе. Арзан болсо, самолет менен эле каттап калмакпыз.
+5
Elitta
2017-12-13 13:35:51
KOCMOC,Оада азыр такси мн Ош.Бишкек жургунда келбейт кыркыс болоберип...
0
Mikra
2017-12-13 10:52:57
Нурматов азамат.чын эле кыргыз калкым эки часный фирма учун жапа чегип калбаш керек.белет 1200с орточо баа болсун
+4
kutman-kg94
2017-12-13 10:56:39
Азаматсыз агажан
+5
suban78
2017-12-13 11:24:06
Ээ баары бир коросунор эч нерсе чечилбейт, авиакомпаниялар кичине акча ыргытып койсо ошолордун созун айтып чыгышат.
-2
admiral
2017-12-13 11:38:24
Сөз менен эле айтып калып кетпей аягына чейин туруп берсениз эл үчүн чооң иш жасаган болор элеңиз
+6
Aznazalai
2017-12-13 11:42:55
Качан эле ишке ашканда болду дебесек кыйратып калк учун меселе чечкенинерди коро элекбиз.сонун болмок таксиге тушуп жаш бала менен кыйналбай самолёт менен эле каттап калмакбыз
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан