"Жол кырсыктарынын бири да жолдордун бузулушуна тиешеси жок. Буга айдоочулар өздөрү эреже сактабаганы себеп", - деп транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов бүгүн, 13-декабрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.
"Өлкөдө жол кырсыктары, тилекке каршы, абдан көп болуп жатат. Кырсыктардын көбү жолдун бузулушуна, талкаланып калганына тиешеси бар деген бүтүм чыга элек. Бул жерде транспорт айдоочуларынын жеке жоопкерчилиги, ылдамдыкты көбөйткөнүнө байланыштуу болуп жатат. Биз бул боюнча иш аракеттерди жүргүзүп жатабыз", - деди министр.
"Өкмөттүн пландары бар. Кийинки жылы министрлик жолдордун ортосуна темир, бетон коюу жана жол кырсыктары көп болгон участоктор боюнча иштеп жатабыз. Жол белгилери боюнча да пландар коюлган. Жаңы жылдан тартып Транспорт министрлиги жол кырсыктарын кыскартуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт", - деди Калыков.
Депутаттар жол кырсыктарын азайтуу үчүн аба каттамдарын көбөйтүп, билет баасын арзандатуу боюнча да өкмөткө талаптарды коюшту.