Кыргыз өлкөсүндө ички каттамдарды көбөйтүү үчүн учактар жетишсиз. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.
"Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик 5 авиакомпания иштейт. Анын үчөөсү ийгиликтүү иштеп келе жатат. "Эйр Кыргызстандын", тилекке каршы, учактары болбогондуктан уча албай жатат. Ошондуктан анын акцияларын сыртка сатуу боюнча өкмөт менен иштеп жатабыз. Бизде авиакомпаниялардын учактары жетишсиз. Биз быйыл ички каттамдарды камсыздоо үчүн төрт учак сатып алабыз дегенбиз. "Авиа траффик" компаниясы экөөнү алып келди. Мамлекеттик "Манас" аэропорт ишканасы эки учак алмак, сатып алуулар боюнча мыйзамга бир аз карама-каршылыктар келип ала албай калдык. Кийинки жылы алабыз деп пландап жатабыз. Учактар көбөйгөндөн кийин ички каттамдарды көбөйтүү боюнча пландарыбыз бар", - деди Калилов.
Депутаттар жол кырсыктарын азайтуу үчүн аба каттамдарын көбөйтүү зарылдыгын айтышты. Эл өкүлдөрү билдиргендей, учурда каттамда билет баалары кымбат болгондуктан жарандар унаа каттамында жүрүүгө аргасыз. Аталган министрликтин маалыматы боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунда күнүнө 4 500 унаа, кышында 3 500, абдан көп жүргөндө 6 000ге чейин унаа жүрөт.