Жогорку Кеңеш Орто-Токой суу сактагычын башкарууну Кыргыз тарапка өткөрүү маселесин карап жатат

Жогорку Кеңеш Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануунун тартибин бекитүү маселесин карап жатат. Тийиштүү документти айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеңешке алып келди.

Жаңы келишим боюнча Орто-Токой суу сактагычын башкаруу толук Кыргыз тараптын көзөмөлүнө өтөт. Суу сактагычтагы суунун 92 пайызын коңшу Өзбекстан, калган 8 пайызын Кыргыз тарап пайдаланат. "Бул 8 пайыз Ала-Бука районундагы 1,5 миң гектар сугат жерге берилет" деди министр.

Министр суу сактагычтын оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымдарынын 92 пайызын Өзбекстан, калган 8 пайызын Кыргыз өкмөтү каржылай турганын айтты.

Белгилүү болгондой, буга чейин Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстандын башкаруусунда болгон. Келишим күчүнө киргенден кийин суу сактагыч Айыл чарба министрлигинин алдындагы суу чарба департаментине берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2017-12-13 12:33:29
Дагы эле 92%-8% .
Башы иштебесе ,ордуна иштегенин отургузбайбы ???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан