"Республика-Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештеги төраганын орун басары кызматына Талант Мамытовдун талапкерлиги сунушталат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге депутат Фархат Түлендибаев билдирди.
"Республика-Ата Журт" фракциясы вице-спикерлик кызматка Талант Мамытовдун талапкерлигин сунуш кылууну чечти. Бул маселе бүгүн жалпы жыйында каралат", - деди Түлендибаев.
Белгилей кетсек, бүгүн вице-спикерди шайлоо өтөт. Буга чейин бул кызматка Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Мирлан Бакировдун талапкерликтери сунушталганы айтылган.