Чек ара кызматы: "Үңкүр-Тоо маселеси боюнча эки тараптуу комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп жатат"

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Орто-Токой суу сактагычын башкарууну Кыргыз өлкөсүнө өткөрүү боюнча келишим каралды. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев буга чейин бир катар талаш-тартыштарга себеп болгон Үңкүр-Тоо маселесинин чечилиши боюнча сурады. Ага Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын орун басары Курманбек Исаков жооп берди.

"Үңкүр-Тоо боюнча узундугу 2 300 метр, жалпы жонунан 45 гектар такталбаган жер бар. Эки өлкөнүн делимитация, демаркация боюнча эки тараптуу өкмөттүк комиссиясы иликтеп, тактап берсе бул жерде талаш болбойт деп кепилдик бере алабыз", - деди Исаков.

Бүгүн эртең менен транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Үңкүр-Тоо маселеси Кыргыз-Өзбек тараптардын ортосунда чечиле элек 15 пайыз маселенин ичине кире турганын айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан