Жогорку Кеңеш Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануунун тартибин бекитүү маселесин карап жатат. Тийиштүү документти Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеңешке алып келди.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев сууга төлөм жүргүзүү керектигин айтты. "Киров суу сактагычынын 90 пайыз суусу Казак тарапка кетип жатат. Келишимде келечекте сууга төлөй турган этап киргизилиши керек эле. Мен дыйкан катары ар бир гектарга пайдаланган сууга 200-300 сомдон төлөп жатам. Айрым аймактарда 500 сомго чейин. Бүгүн Кыргыз дыйкандары 1500 гектарга канча төлөм төлөп жаткан болсо, коңшу өлкөгө да ошого карата төлөм киргизсеңер болмок. Бул келишимде сууга бир тыйын да койгон жоксуңар. Бул чоң кемчилик", - деди министрге депутат.
"Бул биз үчүн чоң утуш болуп жатат. 26 жылдан бери башкарууну биринчи жолу өзүбүзгө алып жатабыз. Мындан ары сүйлөшүүлөргө барып, акча жагын караштырсак болот", - деп жооп берди Мурашев.
Айта кетсек, жаңы келишим боюнча Орто-Токой суу сактагычын башкаруу толук Кыргыз тараптын көзөмөлүнө өтөт. Суу сактагычтын 92 пайыз суусун коңшу Өзбекстан, калган 8 пайызын Кыргыз тарап пайдаланат. Бул 8 пайыз суу Ала-Бука районундагы 1,5 гектар сугат жерге берилет. Нурбек Мурашев пайдаланылган суу үчүн коңшу өлкө эч кандай төлөм төлөбөй турганын билдирди.