Франциянын окуучуларына мектепке уюлдук телефон көтөрүүгө тыюу салынат

Франция окуучуларга мектепке уюлдук телефон көтөрүүгө тыюу салат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн билим берүү министри Жан-Мишель Бланке билдирген.

"Азыр окуучуларга сабак учурунда уюлдук телефон колдонууга тыюу салынган. Бирок тыныгуу учурунда окуучулар сыртка чыгып, эс алып келүүнүн ордуна телефондорду тиктеп отурушат. Мындай болбойт. Кийинки жылдан тарта окуучулар үчүн мектептин ичинде уюлдук телефон менен колдонуу мүмкүнчүлүгү берилбейт", - деген ал.

Белгилей кетсек, Франция мектептерге уюлдук телефон көтөрүүгө тыюу салууга бел байлаган Европадагы алгачкы өлкө. Демилге 2018-жылдын сентябрь айынан тарта ишке кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Pandora
2017-12-13 12:49:24
Жакшы кылат,бизде да ошентсе жакшы болмок
+2
Anichka12
2017-12-13 12:51:59
Эн жакшы ойлошуптур азыр окуучула анын телефону жакшы меники начар деп атандашуу болуп жатат.Биздин убак жакшы болгон экен эх чиркин ошондогу кундор.
+1
almanbetperm
2017-12-13 12:53:34
Ал бизде деле бар,мектептин жетекчилиеринен коз каранды, биздин айылда мектепке телефон менен келгендер телефон жок кете берет
+2
Tunerbei1812
2017-12-13 12:53:43
Ото туура. Интернет окуучуларды сабактан абдан алагды кылат.
0
Shadykanov
2017-12-13 21:40:32
Эн туура мектептеги кундорунда сонун отот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан