“Супер-Инфо” окурмандардын тандоосу боюнча гезиттердин арасынан биринчи орунда

“Супер-Инфо” гезити өлкөдөгү басылмалардын ичинен бул жылы дагы биринчи орунду ээледи. Медиа рынокту иликтөө максатында "М-Вектор" консалтинг компаниясы сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгын бүгүн, 13-декабрда жарыялады. Сурамжылоо телеберүү, санариптик көрсөтүү, радиоуктуруу, басма сөз жана интернет айдыңындагы маалымат агенттиктерин камтыган.

Маалыматка ылайык, сурамжылоо өлкөнүн 7 облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында жүргүзүлүп, ага 14 жаштан жогору жаштагы жарандар катышкан. Аталган агенттик сурамжылоону 2011-жылдан бери жүргүзүп келет.

Маалымат үчүн: "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы саны 2002-жылдын 31-майында жарык көргөн. "Супер-Инфо" «Улуттук гезит» сыйлыгынын «Жылдын нускасы» наамын 2007-жылдан тарта алып, бул позициясын азыркыга чейин бекем сактап келе жатат.

SUPER.KG жана "Супер-Инфо" Кыргызстанда №1 маалымат булагы болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Iniesta8
2017-12-13 14:12:56
Куттуктаааайм!
0
maks1980bishkek
2017-12-13 14:29:26
супер ар дайым супер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан