"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Министрлик: "Мамлекеттик бала бакчалардын ата-энелерден акча талап кылууга укугу жок"

"Балдарымды мамлекеттик бала бакчага алып барам. Башында 2 балама 14 миң сом берип атып араң киргизгем. Эми терезе алмаштырабыз деп акча чогултуп жатат", - деп окурман "Элдик кабарга" билдирген.

Мамлекеттик бала бакчалардын ата-энелерден акча талап кылуусу мыйзамдуубу? деген суроонун негизинде, Билим берүү жана илим министрлигинин Билимди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматовага байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.

"Мамлекеттик бала бакчалар ата-энелерден акча талап кылууга укугу жок. Эгер ата-энелердин атайын түзгөн фонду болуп, алардын макулдугу менен оңдоп-түзөө иштерине акча чогултулса, анда биз эч нерсе дей албайбыз. Макулдугу жок, бала бакчанын директору же мугалимдери тарабынан сөзсүз түрдө акча беришиң керек деген талап же мажбурлоо болуп жатса, анда бизге арыз менен кайрылса болот. Бул маселени тез арада чечип берүүгө даярбыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aitowa11
2017-12-13 13:15:28
Супер инфо азаматсынар!!!
+4
barakcha
2017-12-13 14:01:50
Супер силер Сссуппперррсинер да!
ушундайынардан суйом да силерди!Рахмат,чоон!!)
0
momun74
2017-12-13 14:07:42
урматту супер бир маалыматты тактап беруунуздорду суранат элем балдарым бала бакчага бергениме 8ай болду ушул аралыкта балдарым ооруп 6жолу справка алып бардым анан тарбиячысы балдарынар коп ооруйт экен ушунте берсе садиктен чыгарып салат деп эскертти ушундайда болобу? тактап берсениздер жакшы болмок озум тактаганга кимгемге кайрылышты билбей жатам анткени уйдо тошокто кайненемди таштап алыс бара албайм
+2
gumigumi1990
2017-12-13 15:55:43
momun74,Эжеке, чыгарганга акысы жок. Акчасын айына толоп турсанар эгер.
0
momun74
2017-12-13 17:25:49
gumigumi1990,албетте убагында толойбуз кечиктирбей
0
nurik-jami
2017-12-13 18:14:23
А бизде мамилекет жаны салды деген бала бакчада эч нерсеси жок. Мамилекет баардык нерсесин даяр кылып бериш керекго? Андан да бмринчи кундон эле ата-энелерден бир балалуулар 2500 эки балалуулар 3500 бергиле деп чогултуп алды. Ал чогулган акчага эмне алганы деле белгисиз. Садикте балдарды кызыктыра турган оюнчуктары да жок.
0
Asel1Aikol
2017-12-13 19:19:37
Менин балдарым да мамлекеттик бала бакчада барат группада 42 бала бар ар бирибизден 300 сомдон топтоп телевизор алышты!!!а биринчи киргизгенде экөөнө 6 миңден берип киргизгем!менин да билгим келгени телевизор жана башка маселелерди ата эненин акчасы менен сатылып алынабы
+1
barakcha
2017-12-13 20:06:33
Бугун чогулуш болуп.Жаны жылга ар бир баладан 500дон бергиле дешти.эжесине подарок,анан театрга деп(((
0
momun74
2017-12-13 20:31:24
barakcha,мен эки баламы 15мин мн киргизгенмин андан сыркары 1000сом алышкан посудага деп жанылга 600сомдон анан бир айда эки жолу театр келет
+1
barakcha
2017-12-13 22:54:52
momun74,бала бакча эле олтурот го ата-энелердин канын соруп...(((
0
Altyn10076
2017-12-13 23:31:42
Ушундай болмок беле тарбиячылар ачка калышат да эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан