“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Махабат Мавлянова мектеп окуучуларына кыска юбка, макияж, жыртык жынсы, смартфон менен сабакка кирүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына кечээ, 12-декабрда коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоорунда кыска юбкалар, көзгө урунган макияждар жана узун тырмактуу маникюрлор менен окуучу кыздарды сабакка кирүүгө тыюу салуу киргизилсин деп жазылган. Ал эми балдарга жыртык жынсы, футболкалар менен сабакка кирүүгө тыюу салуу сунушталды.
“Чалуулар, жооптор, sms” деген функциялуу, бирок интернет-модулдар, ошондой эле фото жана видеокамералар менен жабдылбаган мобилдик телефондорду кошпогондо, менчик формаларына карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын аймактарында мектеп окуучулары тарабынан мобилдик телефондорду же түзүлүштөрдү пайдаланууга тыюу салуу киргизилсин. Мектептин аймагына кирүүдө жооптуу сактоого мобилдик телефондорду берүүгө жол берилет. Телефондун сакталышы үчүн жоопкерчилик анын ээсине, ата-энелерине, ээсинин мыйзамдуу өкүлдөрүнө гана тиешелүү болору белгиленсин”, - деп жазылган.
Ал эми жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдору, жетекчилери ушул токтомго ылайык чараларды аткарбаганы үчүн иштен бошотууга чейин тартиптик жаза жоопкерчилигине тартыла турганы жазылган.