Коомдук ишмер: "Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө узак мөөнөткө белгиленген өнүктүрүү боюнча стратегиялык план жок болчу"

Кыргыз өлкөсүндө өнүгүү жолу кандай болгон күндө дагы буга чейин бизде узак мөөнөткө белгиленген өнүктүрүү боюнча стратегиялык план жок болчу. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда "Кыргыз өлкөсү президенттик шайлоодон кийин" аттуу тегерек столдун жүрүшүндө коомдук ишмер Жыпар Жекшеев билдирди.

"Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүү жолу кандай болгон күндө дагы бизде буга чейин узак мөөнөткө белгиленген өнүгүү концепциясы жок болчу. Бизде ар дайым оппозициянын өкүлдөрү бул багытта сындалып келген. Ар бир тармак, министрликпи же башка тармакпы, алар өзүнчө саясат жүргүзгөндөй пикир калтырып келишкен. Биринчи жолу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда туруктуу өнүгүү программасы кабыл алынып, бирок ал өзүнүн биринчи кадамын гана баштап, жаңыдан Кыргыз өлкөсүндө концепциянын пайдубалы түзүлгөндөй пикир калтырган. Ал эми ошол пайдубалдан кийин биз кандай жолдо бара жатабыз, тышкы жана ички саясатты кандай жүргүзүш керектиги эми билинет", - дейт коомдук ишмер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
General.kg
2017-12-13 16:48:31
Эл түгөнгөнсүп ушуну маекке тарттыңарбы?!

План болсо деле ишке ашпаса баары бекер! "Таза коом" "Коопсуз шаар" га окшогон чала долбоорлорду эптеп алса калганын Жыпара менен кийин сүйлөшөлү! (Жыпара деп атайладым)
0
Medina87
2017-12-13 20:04:37
Урматтуу Жыпар Жекшеев, узак жылга стратегиялык план тузууну Экс-Президент Атамбаев РКнын Президенти Назарбаевден улгу алганын эл билбейт дейт окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан