Бүгүн, 13-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Өзбекстанга кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапар эки күнгө уланат. Өзбекстанга президент менен биргеликте өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана президенттик аппараттын өкүлдөрү барат. Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, премьер-министр Абдулла Арипов, парламент төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугат. Бир катар документтерге кол коюлат.